Кыргызстан Centerra менен соттошууга кайсы компанияларды жалдаганы айтылды

"Кумтөр голд компани" ишканасынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын кортундусу угулуп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында докладчылардын бири Теңиз Бөлтүрүк Centerra Gold Inc. компаниясына каршы териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн жалдаган компаниялар менен юристтерди атады.

"Биз Arnold & Porter компаниясынын юристтерин жалдадык. Бул - арбитраждык сот боюнча 2020-жылдын эң мыкты 20 юридикалык компаниянын бири. Канадада болсо Goodmans компаниясы менен иштешип жатабыз. Алар алдыңкы жети ишкананын бири болуп саналат. Юристтердин айтымында, биздин позициябыз мыкты деңгээлде. Биздин ар бир кадамыбыз юристтер менен макулдашылган", - деди ал.

"Кумтөр Голд Компани" боюнча абал

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Президент Садыр Жапаров 14-майда бул мыйзамга кол койгон.

Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. 11-май күнү УКМК "Кумтөр голд компани" ишканасынын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирди.

Ал арада "Кумтөрдүн" ишин иликтеген мамкомиссия Centerra Gold Inс. менен кенге байланыштуу бардык келишимдерди жокко чыгарууну сунуштады. Анда 3,086 миллиард экологиялык зыян жана 1,166 миллиард салык төлөмдөрү боюнча, жалпысынан 4,3 миллиард доллар боюнча доо арыз берүү каралган.

Centerra Gold Inc. - канадалык алтын иштетүүчү компания. Кыргызстандагы Кумтөр кенинде иштейт. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД