Крымда көлөмү 4 сантиметрге жеткен мөндүр жаады

Крым жарым аралында жайгашкан Симферополь шаарынын аэропортунун аймагында жекшемби күнү кечинде мөндүр жаап, айрым мөндүрлөрдүн диаметри 4 сантиметрге жетти. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү кечинде аэропорттун аймагында мөндүр жааган.

Метеорологиялык станция көлөмү 15 миллиметрге чейинки мөндүрдү каттаган. Ошол эле учурда жарым аралдын жашоочулары социалдык тармактарга мөндүрдүн сүрөттөрүн жарыялап, көлөмү 4 сантиметрге жеткенин билдиришкен.

Симферополь аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, мөндүрдүн кесепетинен турак-жайларга зыян келтирилген эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД