Убактылуу баш паанек сурап БУУга 40 миңге чукул палестиналык кайрылды

Палестиналык активист Манар Зааниндин айтымында, Израилге жакын жайгашкан аймактын тургундары үйлөрүн таштап кетүүдө.

Палестиналык качкындарга жардам берчү БУУнун Жакынкы Чыгыш агенттиги (БАПОР) Газа тилкесинин чек ара аймактарында жашагандардын ичинен 38 миң киши убактылуу баш калкалоочу жай сурап кайрылганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Газа секторуна Израилдин соккусу токтобой жаткандыктан агенттиктин мектептерине 38 миң палестиналык баш калкалоо үчүн кайрылды", - деп айтылат маалыматта.

Палестинадагы анклавда жайгашкан уюмдун өкүлү Аднан Абу Хасна эгер эскалация улана турган болсо, агенттик качкындар үчүн 50 жай (мектеп) ачуу планын иштеп чыкканын айткан.

Буга чейин БАПОР үй-бүлөлөрдү кабыл алуу үчүн өзүнүн мектептерин ачканын билдирген, ал мектептер дароо эле толуп калган. Палестиналык активист Манар Зааниндин айтымында, Израилге жакын жайгашкан аймактын тургундары үйлөрүн таштап кетүүдө.

Куралдуу кагылышуудан Газа тилкесинде 192ден көп адам каза болгон. Анын 58и балдар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД