Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз отуруму башталды.
Анын жүрүшүндө парламентке жаңы депутат болгон Өскөнбай Жээнбаев ант берди. Ал депутаттык мандатты Зарылбек Рысалиевдин ордуна "Республика-Ата Журт" парламенттик фракциясынан алган.