Эмне себептен "Кумтөр" маселеси чечилбей келген? А. Жапаровдун жообу

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Кыргызстан эмне себептен 30 жылга жакын убакыттан бери "Кумтөр" маселесин аягына чыгара албай келгенинин себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, бул жагдайдын бир эле себеби бар - саясий жана мамлекеттик коррупция.

"Өлкөдө бийлик алмашкан сайын Кумтөр боюнча комиссиялар түзүлөт. Комиссиялардын баары улам мыйзам бузууларды, кемчиликтерди табышса деле, кыргыз тараптын шарттарын бир аз жакшыртымыш болушат. Мындан 30 жыл мурун "Комека" корпорациясы эч кандай конкурсу жок эле "Кумтөр" кенин иштетүүгө укук алган. Өлкөнүн кызыкчылыктарына такыр каршы келген келишимге 1992-жылы 3-декабрында Канаданын Торонто шаарында кол коюлган. Ошол күнү "адилетсиздиктин пайдубалы" салынган. "Кумтөр Голд" компаниясынын уставдык капиталынын үчтөн бир бөлүгү канадалыктарга берилип, алар бардык салыктардан, милдеттүү төлөмдөрдөн алтынды чыгарган күндөн тарта, 5 жылдык мөөнөткө бошотулган. 2003-жылы кендин Кыргызстандын карамагына өтүүсүнө 3-4 жыл убакыт калганда "Кумтөр" боюнча келишим кайра өзгөртүлгөн. Реструктуризация деген келишимге парламенттин тыюу салганына карабастан, ошол кездеги президент Аскар Акаев түздөн-түз буйрук берип, ошол кездеги премьер-министр танаев кол коет. Жыйынтыгында Кыргызстанга 33 пайыз эле үлүш тиет. Ошентип өлкө Кумтөрдү башкаруу укугунан ажырайт",-деди Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңеш 17-майда чукул жыйынга чогулуп, "Кумтөрдүн" айланасындагы маселелерди талкуулап жатат. Анда кенге байланыштуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия маалымат берүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД