Бишкекте "Дилгир" волейбол сүйүүчү аялдардын турнири башталды

Бишкектеги "Билимкана" спорт аренасында жекшемби күнү "Дилгир" волейболду сүйүүчү аялдардын турниринин расмий ачылуу аземи өттү.

"Дилгир" коомдук уюму – аялдардын спорттук кыймылы, максаты сергек жашоо образына чакыруу менен мамлекеттин келечегине, анын ичинде аялдар менен балдардын ден соолугуна кам көрүү болуп эсептелет.

Спорттун организмге гана эмес, акыл-эске да тийгизген оң таасирин эске алып, спортту сүйгөн 35 жаштан өйдө аялдардын лигасы мындан 3 жыл мурун негизделген.

Учурда "Дилгир" волейболду сүйүүчү кыз-келиндер лигасында көптөгөн командалар өлкөнүн баардык бурчунан ойнойт. Көпчүлүгү алыскы аймактарда жашаган айымдар.

"Дилгир" сонку 3 жылда республикалык масштабдагы бир катар турнирлерди өткөрүп келе жатат.

"Биздин негизги максатыбыз аялдардын арасында массалык спортту, сергек жашоону өнүктүрүү жана биздин өлкөдө кенири жайылтуу болуп саналат" деди "Дилгир" лигасынын негиздөөчүсү Элиза Асилбек айым.

"Дилгир" лигасы мындан ары ай сайын Бишкекте өткөрүлмөкчү, айымдар команда түзүп катышса болот. Азыр турнирге 32 команда катышып жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД