17-майда Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 27...32,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13, күндүз 25...30,
Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 17...22,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6°.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 9...11, күндүз 27...29°.