ДЕН СООЛУК: Коланы ичкенден кийин организмде кандай өзгөрүүлөр болот

Кока-Коланын зыяндуулугу жөнүндө билсеңиз дагы аны ичпей койо албай келесизби? Дагы бир жолу, дүйнөгө белгилүү суусундуктун организмге тийгизген терс таасирин биле жүрүңүз. "Coca-Cola" ичкенден кийин денеңиз кандай абалда болот?

10 мүнөттөн кийин

"Coca-Cola"нын курамындагы 10 чай кашык кант организмге сиңе баштайт. Күнүмдүк канттын нормасы кока-коланын бир ичиккенде кабыл алып алат экенбиз. Организм ушунчалык көп таттуу суусундукту ичкенден кийин кускусу келет, бирок анын курамындагы фосфор кислотасы аны басат.

20 мүнөттөн кийин

Ушул убакыттан кийин канда инсулиндин деңгээли кескин көтөрүлүп, боор алган кантты майга айланта баштайт.

40 мүнөттөн кийин

Организмде бардык кофеин сиңип, көздүн кареги чоңойот. Боор канга көбүрөөк кант бөлүп чыгарып жана кан басымы көтөрүлө баштайт. Аденозин кабылдагычтарынын сезгичтиги төмөндөйт жана сиз сергип каласыз.

45 мүнөттөн кийин

Организмден "дофамин" аттуу гормон бөлүнүп чыга баштайт. Бул гормон мээге таасир этет жана сизге ырахат сезимин тартуулайт. Баса, героиндин иштөө механизми менен бирдей.

Бир сааттан кийин

Кока-Коладагы фосфор ичегилердеги кальций, магний жана цинкти айдап чыгып, зат алмашуу процесси тездейт. Натыйжада сиз дааратканага баргыңыз келе берет. Даарат менен бирге кола кальцийди организмден жууп чыгарат.

Бир сааттан ашык убакыт өткөндөн кийин

Кальций, магний, цинк, натрий жана суу дагы заара аркылуу денеден жуулуп чыгат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД