16-майга карата жылдыздар төлгөсү

Кой

Эч нерсени кийинкиге калтырбаңыз анткени күндүн биринчи жарымында сизге ийгиликтер жылмаят.Ушул убакыттын ичинде топтогон Тажрыйбаларыңз сиз үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Анын жардамы менен, сиз татаал маселелерди тез арада чечесиз, буга чейин өтө оор көрүнгөн нерсени жеңесиз. Бул күнү талаш-тартыштардан алыс болуп,сабырдуу болууңуз сунушталат.

Букачар

Букачар сиз үчүн кызыктуу жана пайдалуу күн. Себеби сиз башкалардын күчү жетпеген нерсени тез эле жеңип, кыйын кырдаалда калган адамдарга жардам бересиз. Өзүңүзгө эң жогорку максаттарды коюңуз: аларга жетүүгө мүмкүнчүлүгүңүз бар.Бирок бүгүн пландарыңызды көп адамдар менен бөлүшө бербеңиз.

Эгиздер

Сиздин лидерлик сапаттарыңыз бүгүн өзгөчө байкалат. Эгер сизге союздаштар жана жардамчылар керек болсо, аларды оңой эле табасыз; көп учурда айланаңыздагы адамдар сизге колдоо көрсөтүшөт. Бирок көп нерсе сиздин аракетиңизден көз каранды.

Түштөн кийин жакшы жаңылыктар, ошондой эле сиз абдан кубана турган жолугушуулар күтүлүүдө. Жакын адамдарыңыз менен айрым олуттуу нерселер жөнүндө сүйлөшүүгө ылайыктуу учур. Сезимдериңизди көрсөтүүдөн коркпоңуз.

Бөйөн

Бул күнү ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү изилдеп, көбүрөөк маалымат топтоп, ойлонуп көргөнүңүз оң. Тажрыйбасы көп ишенимдүү адамдардан кеңеш сураңыз. Эски тааныштар көп учурда жардам беришет. Бардык иште аларга таянсаңыз болот. Сизди алыстан келген жакшы жаңылыктар кубандырат. Акыркы кезде сагынган адамдарыңыз менен баарлашууга мүмкүнчүлүк болот. Сүйлөшүү көптөгөн оң эмоцияларды алып келет.

Арстан

Чоң ийгиликтерди убада кылган сонун күн. Сиз күчтүү каршылаштарыңызды дагы жеңе аласыз. Көпчүлүк арстандар өз кызыкчылыктарын кескин түрдө коргоого даяр; башкалар муну сезип, сиз менен дагы бир жолу талашпаганга аракет кылышат.

Бийкеч

Эгерде кол куушуруп отурбасаңыз, күн жакшы өтөт. Сиз көп нерселерде ийгиликке жете аласыз, бирок бул үчүн сиз демилге көтөрүп, аракет кылууңуз керек. Интуиция ар дайым кандайча иш алып баруу керектигин айтып турат. Аны угуңуз.

Тараза

Ийгиликтүү жана кызыктуу күн, жаңы нерсени колго алуунун мыкты жолу. Күч-кубатыңызды текке кетирбеңсиз жакшы жаңылыктар болушу мүмкүн, ошондой эле акыркы мезгилдерде көп сагынган адамдарыңыз менен жолугуша аласыз.

Жылдыздар сүйүүдө таразаларды колдошот. Белгинин көптөгөн өкүлдөрү романтикалуу сюрприздерди, унутулгус даталарды күтүп жатышат.

Чаян

Күндүн башында талаш-тартыштардан, курч талкуудан толугу менен кутулуу кыйынга турат Бирок сиз эч нерседен баш тартпайсыз жана баарынын сөзүн уга аласыз. Бир аздан кийин, сиздин көз карашыңыз туура экендиги баарына айкын болот.

Түштөн кийин майда-чүйдө нерселер көп болот, алардын ар бирине көңүл бурушңуз керек. Бир дагы деталды көз жаздымда калтырбоого аракет кылыңыз. Азыр маанисиз нерсе кийинчерээк маанилүү ролду ойношу мүмкүн. Кечинде жагымдуу сюрприздер жана жакшы жаңылыктар болушу мүмкүн.

Жаачы

Оңой күн эмес. Сиз адаттагыдан ашыкча ачууланасыз. Мындан улам, кээде эң жакын адамдар менен баарлашууда да ачууланган учурларыңыз болот. Эмоцияларыңыз менен күрөшүүгө аракет кылыңыз; кырдаалды жакшы жакка өзгөртүү сиздин колуңузда.

Текечер

Күндү өз алдыңызча өткөрүүгө аракет кылыңыз себеби бүгүн кимдир бирөө менен тил табышуу оңой эмес. Бүгүнкү күндө сизге бир эмес, бир нече жолу жардам берип, бардык идеяларыңызды колдогон адамдар менен дагы мамилеңиз ийгиликсиз болуп калышы мүмкүн.

Акчаңызды тобокелге салбоо жакшы. Түштөн кийин сүйүү мамилелери жагынан жакшы учур. Сүйүүдө, буга чейин көпкө чейин ишенбей келген Козерогдорго да жол ачылат.

Суу куйду

Бүгүн сиз эч нерседен кам санабай, бардык көйгөйлөрдү тез арада чечип аласыз. Буга чейин топтолгон тажрыйба жардам берет, бирок ойлоруңузду тез чогултуп, маалыматтуу чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү маанилүү.

Эгерде күндүн биринчи жарымында өз алдынча иш алып барган оң болсо, экинчиси кызматташууга, күчтү топтоого, баарлашууга ылайыктуу.

Балык

Жаңы башталыштар үчүн мыкты күн. Ички туюм ийгиликтин жакындап калганын айтып турат. Белгинин көптөгөн өкүлдөрү өзүлөрүнө жүктөлгөн бардык ишти мыкты аткарышат. Жакындарыңыз менен мамиле ынтымактуу өнүгүп жатат, келишпестикке себеп жок.

Күндүн экинчи жарымы жагымдуу сюрприздер жана кызыктуу сунуштар менен кубандырат. Айрым Балыктар жумуш же бизнес жаатында сонун идеяларга ээ болушат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД