Садыр Жапаров "Мен көчмөн" туристтик көргөзмө-жармаңкесине катышты

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө өтүп жаткан "Мен көчмөн" эл аралык туристтик көргөзмө-жармаңкесине катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстанда туризм артыкчылык берилген тармак экенин белгилеп, бийлик мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтө турарын да айтты.

"Бүгүнкү жарманкеде Кыргыз Республикасынын туризминин бир нече түрлөрү: экологиялык, ден соолукту чыңдоо, маданий-билим алуу, айыл-чарба туризми, жайлоо туризми, экстремалдык-окуялык туризм сындуу туризм тармагынын түрлөрү сунушталат. Туризмди өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан мындан ары дагы бардык күч-аракеттер жумшала тургандыгын баса белгилеп өткүм келет".

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата шаарындагы "Рух-Ордо" маданий борборунан башталган "ITF-2021" эл аралык туристтик көргөзмөсүнүн башкы максаты Кыргызстанды экологиялык жана этно туризмдин өлкөсү катары таанытуу жана өнүктүрүү болуп саналат.

Көргөзмөнүн программасы үч бөлүктөн турат, алар ар башка убактарда үч жерде өткөрүлөт - "Issyk-Kul" көргөзмө-жарманкеси, "Кыргызстан - туризмдин өлкөсү" туристтик форуму, Кыргызстандын туристтик рыногунан жана өнөктөштөрдөн мыкты катышуучуларды сыйлоо иш-чаралары.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД