Өткөн суткада 404 кишиге жукту

Өткөн суткада коронавирус 404 кишиден табылып, 349 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек шаары – 294;

Ош шаары – 4;

Чүй облусу – 65;

Ош облусу – 2;

Талас облусу – 1;

Нарын облусу – 9;

Ысык-Көл облусу – 20;

Жалал-Абад облусу – 9.

Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 100 249га жетти. Анын ичинен 93 302 бейтап дартты жеңген.

Айыккандар:

Бишкек шаары – 200;

Ош шаары – 6;

Чүй облусу – 97;

Ош облусу – 2;

Нарын облусу – 14;

Ысык-Көл облусу – 21;

Жалал-Абад облусу – 8;

Баткен облусу – 1.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде коронавирустан сегиз киши каза тапкан. Анын төртөө Бишкектен болсо, үчөө Чүйдөн, дагы бири Талас облусунан экени айтылды. Ушуну менен каза тапкандардын саны 1 695ке жетти.

Азыркы тапта 1 717 бейтап стационарда дарыланууда. Анын ичинен 449 бейтаптын абалы оор болсо, 90 кишиники өтө оор деп бааланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД