Зарылбек Рысалиев депутаттык мандатынан ажыратылды

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевди мандатынан ажыратты.

БШКга эл өкүлүнөн депутаттык мандатын тапшырары тууралуу арыз келип түшкөн. Маалым болгондой, 10-май күнү Бишкектин Свердлов райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясына Зарылбек Рысалиевге карата өз чечимин жиберген. Буга чейин ал Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча 300 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилген.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев 2019-жылы колдонууга чыгарылган Жазык кодекстерин жокко чыгарууну жана Бишкекте милиция кызматкерлеринин санын көбөйтүүнү сунуштады.

Мурдагы ички иштер министри жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңешке 2017-жылы "Республика - Ата-Журт" фракциясынан депутат болуп келген.

Рысалиевдин ордуна Өскөнбай Жээнбаев эл өкүлү болуп келген. Жээнбаев Жогорку Кеӊештин депутаты болуп катталып, ага күбөлүк жана төш белги берилген. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы эл өкүлү буга чейин курулуш компанияларын жетектеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД