2 жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Токмокто 2 жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

[vrez:big]"Кечээ, 14-майда, саат 22:30 чамасында, Токмок шаарындагы Ленин көчөсүндө айдоочу 2000-жана 2004-жылы туулган жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, аларга жардам бербестен качып кеткен. Жабырлануучулар ар кандай жаракаттары менен аймактык ооруканага жеткирилген.

Издөө иштеринин жүрүшүндө ошол эле күнү кылмышка шектелип 1987-жылы туулган Токмок шаарынын тургуну К.Р. кармалды. Учурда кармалган адам Токмок шаардык Ички иштер бөлүмүнүн тергөө тобуна өткөрүлүп берилип, анын "Ниссан Либерти" үлгүсүндөгү унаасы айып аянтчасына токтотулду", - деп жазылган маалыматта.

[/vrez]


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД