Баткен облусундагы Ак-Сай айылынын 30дай тургуну митингке чыкты

Бүгүн, 14-майда Баткендин Ак-Сай айылынын 30дай тургуну облустук администрациянын алдына чогулду. Митингдин небеби тургундар Баткен районунун Капчыгай айылы аркылуу Тажикстандын Ворух анклавына жол берилет деген сөздөрдү угуп, тынчсызданып келишкен.

Чогулгандар менен өкмөттүн Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев жолукту. Ал Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин өкмөттөр аралык комиссиясы жүргүзүп жатканын белгилеген.

Чогулгандар кыргыз-тажик чек арасында орун алган акыркы окуялардан улам турак-жайларды калыбына келтирүү, үйлөрдү куруу, жоголгон документтерге байланыштуу маселелерди көтөрүштү. Облус башчысы зарыл болгон муктаждыктарды кыска аралыкта чечүүгө аракеттер болуп жатканын айтты.

Жолугушуудан соң топтолгон эл тарап кетти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелдеги жана 1-майдагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын ичинде экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алды.

Баткен облусунда 70тен ашык жеке турак жай кыйрап, өрттөлүп, мектеп жана чек ара бекети сыяктуу мекемелердин имараттары зыянга учураганы жана аймактагы 58 миңге чукул адам жашаган жерин таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий жарыяланды. 15 миңге чукул жергиликтүү тургун коопсуз жайларга эвакуация болгону айтылды. Согд облусунун бир нече айылында 14 турак жай толук бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД