Бишкекте көчөдөн акча чогулткан ыктыярчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүд

Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү акча чогулткан кайырчылар жана ыктыярчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, милициянын кайгуул кызматкерлери унаа жүрүүчү чоң жолдордо кайырчылык менен алек болгон жана атайын бейтаптарга жардам көрсөтүү максатында айдоочулардан акча чогулткан ыктыярчыларга жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Өзгөчө тилемчилик менен алек болгон жарандар чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп, айдоочулардан акча чогултууда башка жол кыймылынын катышуучуларына абдан эле тоскоолдуктарды жаратууда. Айдоочулар алардан айланып өтөм деп кээде жол кырсыгына кабылып же "Коопсуз шаар" долбоорунун видеокөзөмөлдөрүнө түшүп калууда.

Ошол эле көрүнүш борбордук көчөлөрдөгү ыктыярчы катары акча чогултуп жаткан жарандарда да байкалууда. Алар жолдо унааларды аралап жүргөн учурларда унаа сүзүп же жол кырсыгы катталуу коркунучу пайда болууда. Ыктыярчы болуу жакшы, сооп иш, бирок ошол эле учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери пайда болуп жаткандыгын эскертүүдөбүз", - деп жазылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД