Түркия Кыргызстанга бизнести өркүндөтүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда, Түркиянын Палаталар жана товардык биржалар биримдигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу баштаган делегацияны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Түрк делегациясынын курамына ошондой эле айыл чарба, текстиль жана тамак-аш өнөр жайы, энергетика, туризм, тоо-кен жана курулуш тармагындагы ири компаниялардын жетекчилери кирген.

Садыр Жапаров бүгүнкү күндө инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, бул тармакты толук реформалоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысынын белгилешинче, Кыргызстан өнөр жай кызматташтыгын кеңейтип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү, агрардык секторду өнүктүрүүгө, ошондой эле тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика, туризм жана өз ара кызыкчылык туудурган башка тармактарга багытталган долбоорлорго басым жасайт.

Ал Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы максат - товар жүгүртүүнү жылына 1 миллиард долларга чыгаруу үчүн тараптар бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишенимин билдирди.

Түркиянын палаталар жана товардык биржалар биримдигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жеткирди.

Ал Кыргызстандын потенциалы, анын ичинде адамдык потенциалы жөнүндө айтып, өлкөнү өркүндөтүү үчүн өнөр жайды өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын ишин реформалоо зарылдыгына көңүл буруп, бизнес менен иштөө механизмдерин өркүндөтүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД