Улуттук китепкана онлайн режимде иштеп баштады

Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана 14-майдан 23-майга чейин онлайн режимде кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу Улуттук китепкананын сайтында айтылат.

Мындай чечим өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.

"Окурмандар суроо-талаптары менен онлайн режимде күн сайын саат 10:00дөн 16:00гө чейин кайрала алышат. Китептер иш күндөрү саат 10:00дөн 16:00гө чейин Жумабек көчөүндөгү эшиктен кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД