Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 14-15-майда Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.
Мамлекет башчысы бир катар айыл чарба ишканаларынын ачылышына катышып, алардын ишмердиги менен таанышат.