17-майда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйын өткөрөт

17-майда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Анда "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралышы мүмкүн. Ошондой эле президент Садыр Жапаров да катышып, "Кумтөр" боюнча пикирин билдирет.

Эске салсак, 12-майда "Кумтөрдүн" ишмердигин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия жыйын өткөрүп, анда Канаданын "Кумтөр Голд" ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталганы айтылган.

Ошондой эле "Кумтөр Голд" компаниясынын чет элдик жетекчилери, жумушчулары Кыргызстандан 11-майда чыгып кеткени белгилүү болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД