ЖК мигранттардын өмүрүн жана ден-соолугун камсыздандырууну сунуштоодо

Жогорку Кеңеште мигранттардын өмүрүн жана ден-соолугун камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду. Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымдалды.

Долбоордун максаты - чет өлкөгө кетип жаткан жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу, каза болгон мигранттардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүү аркылуу мамлекеттик бюджетке жүктү азайтуу.

Чет өлкөгө кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, кызмат учурунда же ден-соолугуна зыян келтирилген учурда, чет өлкөдөгү мекендештерибиздин өлүмүнө байланыштуу материалдык төлөмдөр боюнча келип чыккан көйгөйлөрдү эске алуу менен иштелип чыккан.

Бул мыйзам долбоору 18 жашка толгон бардык жарандарды чет өлкөгө саякаттоодо өмүрүн жана ден соолугун камсыздандырууга милдеттендирет. Камсыздандыруучу менен өмүрдү жана ден-соолукту камсыздандыруу келишими узартуу мүмкүнчүлүгү менен бир, үч же беш жылга түзүлөт. Камсыздандырылуучу камсыздандыруу төгүмүн (анын өлчөмү жылына 400 сомдон ашпашы керек) камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү.

Ошол эле учурда, камсыздандырылган адам каза болгон учурда, камсыздандыруучу тарабынан пайда табуучуга кеминде 250 миң сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөө, ошондой эле камсыздандырылган адам жумуш учурунда жаракат алса эмгек келишими жана эмгекти коргоо органдарынын корутундусу болгондо 100 миң сомдон кем эмес өлчөмдө төлөмдөр белгиленет. Ошентип, республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүү талап кылынбайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД