"Айткандары жалган жалаа". Мелис Аспековдун билдирүүсүнө комментарий берди

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек Мелис Аспековдун кезексиз президенттик шайлоого чейин Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбековдон жана анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдон 10 миллион доллар алган деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Анын айтымында, бул таптакыр чындыкка коошпогон, туура эмес маалымат.

"Аспеков мындай билдирүүлөрү менен коомду адаштырып жатат, анын айткандары жалган. Мындай эч качан болбойт жана болушу да мүмкүн эмес. Анын сөздөрүнө олуттуу деле маани бербеш керек. Пара талап кылуу үчүн камакка алынганын эске алсак жетиштүү болот. Ушундай айыптоодон кийин анын айткандарына кантип ишенесиң?" - деди Байтерек.

Чуулгандуу иштери менен белгилүү Аспековдун билдирүүсүнө түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен көптөгөн телефон чалуулар болуп жатат деген ал төмөнкүлөрдү кошумчалады.

"Жарандык активист Мелис Аспековдун "Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер кезинде, 2021-жылдын 10-январында өткөн кезексиз президенттик шайлоонун алдында мурунку мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдон жана анын бир тууганы Асылбек Жээнбековдон 10 миллион доллар алды" деп айткан сөзү - жалган жалаа.

Мелис Аспеков учурда УКМКнын СИЗОсунда отурат, ага "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын администрациясынын өкүлдөрүнөн пара талап кылды деген айып тагылган.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровдун шайлоо өнөктүгүн каржылаган эмес. Бул туурасында сөз да болушу мүмкүн эмес. Пара талап кылганы үчүн шектелип кармалган Мелис Аспеков мамлекет башчысынын кадыр-баркын түшүрүп, аброюна шек келтирүүгө аракет кылып жатат.

Аспеков чуулгандуу жана жалган билдирүүлөрдү жасаганга көнүп алган, бирок бардык нерсенин чеги болушу керек. Калп жана жалаа жапканы үчүн ал мыйзам алдында жооп бериши керек.

Өздөрүн олуттуу саясатчы деп эсептеген айрым ишмерлердин бул окуяны андан ары өрчүтүп, президент Садыр Жапаровду жана анын жүргүзүп жаткан реформаларын жаманатты кылууга аракеттенип, теманы манипуляция жасап жатканы өкүндүрбөй койбойт".


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД