Садыр Жапаров АКШнын элчисин кабыл алды

Бүгүн, 14-майда өлкө башчы Садыр Жапаров АКШнын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы коронавирус пандемиясына каршы күрөштө берген жардамы үчүн америкалык тарапка ыраазычылыгын билдирген.

"Садыр Жапаров Дональд Луну АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ал жаңы иши менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоо үчүн билими жана тажрыйбасын жумшаарына ишенерин айтты", - деп жазылат билдирүүдө.

АКШ элчиси Дональд Лу азыркы оор мезгилде АКШ тарап төмөнкү үч багытта кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи: гуманитардык жардам көрсөтүү, пандемиянын андан ары жайылышына каршы күрөшүү жана демократиялык кайра түзүмдөр.

Ошону менен катар калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү маселелеринде өз ара кызматташууну арттырууга даяр экендигин билдирген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД