Кара-Балтада технологиялык парк курулат

"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын "Кара-Балта" филиалында "Кыргыз-кытай өндүрүш-технологиялык паркы" курулары пландалууда. Бул тууралуу "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын басма сөз кызматы билдирди.

Бул боюнча үч тараптуу кызматташтык меморандумуна "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров, Кыргыз өнөр жайчылар жана ишкерлер кеңешинин президенти Данил Ибраев жана "Central Asia International Development" компаниясынын президенти Юэ Хэфу мырзалар кол коюшту.

Заманбап өндүрүш-технологиялык парк Кытай жана башка чет өлкөлөрдүн инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга аймактык, илимий, өндүрүштүк, инновациялык, техникалык шарттарды түзүп бермекчи.

Ал үчүн аймакта логистикалык хабдар, терминалдар, өндүрүш тилкелери жана башкалар курулат. Мындан тышкары жеке жана кооперативдик биргелешкен ишканаларды ачууга, кампа, терминалдарды иштетүүгө шарттар түзүлөт.

Мисалы:

-өндүрүш, экспортко багытталган өнөр жай, инновациялык жана технологиялык продукцияларды өндүрүү;

- транспорттук кызмат көрсөтүү, айыл чарба жана өнөр продукцияларын, импорттук жана жергиликтүү өндүрүштөн чыккан товарларды сактоо, реализациялоо;

-кызмат көрсөтүү, айыл чарба, өнөр жай продукцияларын, информациялык технологияларды жана инновацияларды пайдаланууга шарттары түзүү;

-жаңы технологияларды иштеп чыгуу;

-лабораториялык аныктамаларды чыгаруу;

-башка Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келбеген өндүрүш-технологиялык парктын резиденттеринин кызыкчылыктарына төп келген кызматтарды аткаруу.

Бул технопаркты курууга "Бишкек" эркин экономикалык аймагы "Кара-Балта" филиалынан 53 гектар жер тилкесин бөлүп берет. Экинчи, үчүнчү тараптар инвесторлорду аталган аймакка багыттап, өндүрүштүк шарттарды түзүү милдетин аткарышмакчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД