Сузакта 7-класстагы окуучу өз үйүндө өмүрүн кыйды

Кечээ, 13-май күнү Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагында 7-класстагы окуучу бала өз үйүндө өмүрүн кыйды.

Маалыматка караганда, 14 жаштагы окуучу үйдүн чатырында пресс жип менен асынып алган.

"Окуучу эркек бала болгон. Ал үйүнүн чатырындагы устунга пресс жип менен өзүн-өзү асып каза болгон. Бул факт Сузак РИИБде өзүн-өзү асып өлтүрүү болуп катталып, текшерүү иштери башталды. Баланын денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинде жарааты жок экени аныкталган. Бул окуя боюнча баланын атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД