Полковник Исламбек Кенжекулов жаңжалда жарадар болгон аскерлерге барды

Бүгүн, 12-май күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин Колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусунун "Головной" суу сактагыч курамасындагы куралдуу кагылышуудан жарадар болгон аскер кызматкерлерине барды.

Колбашчы аскер кызматкерлери менен маек куруп, алардын ден-соолугунун калыбына келүү процессине кызыкты. Исламбек Кенжекулов алардын бардыгына эртерээк сакайышына жана күчтөрүнүн калыбына келүүсүн каалап, алардын толук айыгуу менен сапка кайтып келүүсүнө Ички аскерлеринин Колбашчылыгы тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалаарын белгилеп өттү.

Азыркы күндө аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бейтапканасында жана башка Бишкек шаарынын медициналык бөлүмдөрүндө стационардык дарыланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД