Ысык-Көлдө автоунаалар кагышып эки аял каза болду

Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып анын кесепетинен эки аял көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Ысык-Көлдө эки автоунаа кагышып анын кесепетинен эки аял көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты

Балыкчы - Ананьево - Каракол жолунун 186-чакырымында Lexus RX-350 жана Volkswagen Passat үлгүсүндөгү машиналар кагышкан.

Каза болгон аялдар 30 жана 48 жашта болушкан. Кырсыктан дагы төрт адам жабыркаган. Алардын үчөөсү 27, 48 жана 50 жаштагы эркек, бирөөсү беш жаштагы бала.

Жеринде куткаруучулар менен дарыгерлер иштешти. Милиция окуянын чоо-жайын аныктоодо.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД