Быйыл дагы "Акыркы коңгуроо" аземи онлайн өтөт

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн "Акыркы коңгуроо" аземи онлайн форматта өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Куттуктоо программаларын облустагы билим берүү борборлору даярдашы керек. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларына 15 мүнөттүк эфир болушу шарт. ЭлТР, Илим-Билим телеканалдарында 25-май күнү саат 10:00дөн 12:30га чейин эфирдик убакыт бөлүнгөн.

Мындан сырткары өлкөдө бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө тыюу салынган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД