Өзбекстан Facebook, TikTok, Telegram кызматтарына талап койду

Өзбекстан бийлиги IT боюнча дөө-шаалардан маалыматтар топтомун алардын аймагына которуу талабын койду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Тизмеге Facebook Inc Google, Mail.ru, Microsoft Skype, Telegram, Tencent Wechat, TikTok, Twitter, Yandex кирген. Бул компанияларга Өзбекстандын мыйзамдарын сактоону талап кылган кат жөнөтүлгөнү айтылды.

Январдын аягында Өзбекстандын президенти "Жеке маалыматтар боюнча" мыйзамга түзөтүү киргизген документке кол койгон.

Анда 15-апрелден тарта бардык чет элдик интернет-ресурстар Өзбекстандын аймагында ишмердүүлүгүн мыйзамдуу жүргүзүү үчүн анын жарандары боюнча маалыматты аталган мамлекеттин аймагында сакташы керектиги айтылган.

"Мыйзамдын күчүнө киргенине бир ай өткөндүгүнө карабай, бул маселеге тиешелүү мамлекеттик органдардын майнаптуу иш жүргүзбөгөндүгү депутаттардын каршылыгын жаратып жатат", - дешти Олий Мажилистин Мыйзам чыгаруу палатасынан.

Акыркы жылдары социалдык тармак менен интернет-компаниялардын маалыматтарына киберчабуулдар коюлган. Анын кесепетинен миллиондогон адамдардын, анын ичинен Өзбекстандын жарандарынын жеке маалыматтары уурдалган.

Билдирүүдө бийлик өзбекстандыктардын паспорттогу маалыматтары мыйзамсыз алынып, алардын социалдык-саясий жана экономикалык максатта колдонулуп кетишине тынчсызданып жатат деп жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД