Быйыл 819 аял "Баатыр эне" болду

Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө" мыйзамдын 9-12-беренелерине ылайык, жети жана андан көп баласы бар 819 эне "Баатыр эне" ордени менен сыйланат.

Ошондой эле алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 516 эне "Эне даңкы" медалы менен сыйланышты.

Сыйлык ала турган энелердин аты-жөнү бул тизмеде.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД