А. Жапаров: "Кумтөр Голд" Кыргызстанга 10 млрд доллар төлөөгө милдеттүү

Канадалык "Кумтөр Голд" ишканасы Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени аныкталды. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров айтты.

Анын ичинде, 3 млрд 86 млн доллары экологиялык зыян, салык төлөмү - 1 млрд 166, 5 млн доллар. Мындан тышкары, Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия өлкө бюджетине 106 тонна алтынды кайтарды.

"Кендеги запастар Кыргызстандын менчиги экенин тастыктаган мыйзам долбоору жакынкы убакта кабыл алынарынан үмүт кылам. Буга чейин президенттер, өкмөт башчылар Кумтөрдөгү, Жерүйдөгү жана башка кендердеги алтынды сатып келишкен. Депутаттар тарабынан түзүлгөн мамлекеттик комиссия биринчи жолу АКШнын "Кумтөр Голд" ишканасын Кыргызстанга 4 миллиард 952,8 миллион доллар доого жыкты. Буга кошумча мамлекеттин менчигине 160 тоннадан ашык алтынды кайтардык. Бул алтынды жакынкы 5-10 жылда казууга болот. 160 тонна алтындын суммасы болжол менен 5 млрд 200 млн сомдон ашык акчаны түзөт. Биздин бул ишканадан өндүрө турган акчанын жыйынтыктоочу суммасы 10 млрд долларга жакын. Биз муну мыйзамдарга ылайык, далилдей алабыз. Биздин адистердин баалоосу боюнча, жыл ичинде техникалык долбоорду жазып, андан кийин алгачкы алтынды каза баштаса болот",-деди Акылбек Жапаров.

Бүгүн, 12-майда Кумтөрдөгү ишмердүүлүктү иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. 17-майда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Анда "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралышы мүмкүн. Ошондой эле президент Садыр Жапаров катышып, Кумтөр боюнча пикирин билдирет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД