Санкт-Петербургда 10 жаштагы кыргыз кыз көп кабаттуу үйдөн кулап түштү

Санкт-Петербург шаарында 10 жаштагы кыргызстандык кыз бешинчи кабаттын терезесинен кулап кетти. Бул тууралуу Россиянын ММКлары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, окуя кечээ Бишкек убактысы боюнча саат 14.30 чамасында болгон. Өспүрүм Совет көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен.

Кыз көптөгөн жаракаттар: анын ичинде жабык баш-сөөк, мээ менен өпкөнүн контузиясы, сол бөйрөктүн жарылышы, жамбаш сөөктөрүнүн сынышы сыяктуу диагноздор менен өтө оор абалда ооруканага түшкөн. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат. Кыздын үй-бүлөсү Санкт-Петербург шаарында каттоосуз жашайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД