Баткенде жабыркагандарга чет жердеги боордошторубуз канча акча которду?

Россия, АКШ, Түркия, Малазияда жана башка өлкөлөрдөгү кыргыз диаспоралар Баткен облусунда жабыр тарткандар үчүн жардам колун сунган. Бул тууралуу "Замандаш" ассоциациясы билдирди.

29-апрелде кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн каргашалуу окуя дүйнө коомчулугун селт эттирди. Конфликте үйлөр, ооруканалар жана дүкөндөр талкаланган. Аскердик кагылышуу жай тургундардын жана аскерлердин өлүмү менен коштолду.

Болуп өткөн чек ара чырына жүрөгү канаган Кыргызстандын жарандары кыска убакыттын ичинде бир муштумдай түйүлүп, колдон келген жардамын көрсөтүп жатты. Согуштук конфликт чыккан жерге керектүү буюмдар, тамак-аш, кийим-кече, дары-дармектерди жөнөтүп турушту. Четте карап тура албаган студенттер бош убактыларында гумжардам жүктөшкөнгө көмөк көрсөтүп, мамлекеттик кызматкерлер бир күндүк маянасын которушту, жада калса мектеп окуучулары дагы топтогон акчаларын беришти.

Мамлекетибиздин башына түшкөн бул мүшкүлгө "жабыла көтөргөн жүк жеңил" дегендей чет жердеги мекендештер дагы жардам беришти. Диаспоралар өз алдынча акча топтоп, берилген жардам өз дарегине жетиши үчүн өздөрүнөн өкүл кошуп жөнөтүп жатты. Жакынкы жана алыскы мамлекеттерде жашаган кыргыздар Лейлек районуна акча топтоо үчүн ар кандай иш-чараларды уюштурууда.

Баткенге жардам катары чет өлкөдө жашаган Кыргызтандыктар канча каражат которгон төмөндө окусаңыз болот:

Америкадагы кыргыз диаспорасы -160 000 доллар;

Малазиядагы кыргыздар - 3200 доллар;

Тыва республикасындагы кыргыздар – 44 500 рубл;

Түркиядагы кыргыз диаспорасы – 23 400 түрк лирасы;

Тюмень диаспорасы – 162 000 рубль;

Краснодар диаспорасы – 71 500 рубль;

Хакасиядагы кыргыз диаспорасы – 178 800 рубль;

Алматыдагы мекендештер – 150 000 тенге;

Саха Якутиядагы диаспора – 162 300 рубль;

Санк- Петербургдагы диаспора – 100 000 рубль;

Екатеринбург жана Свердлов районундагы мекендештер – 2 млн рубль;

Хабаровск крайындагы диаспора – 130 000 рубль;

Татарстан республикасындагы диаспора – 268 300;

Москва облусунан жана Москвадагы кыргыздар – 2 740 100 рублей;

Владивостоктогу журтташтар – 515 700 рубль;

Оренбург облусундагы кыргыздар – 150 000 рубль.

Бул болгону бир гана бөлүгү, мындан сырткары Германиядан, Бириккен Араб Эмиратынан, Италиядан жана башка көптөгөн өлкөлөрдөн акча топтолгон. Каражат топтоо дале уланууда, алардан келген акча Баткен облусунун Лейлек районун калыбына келтирүүдө чоң салым болуп жатат.

Баткендеги окуя менен COVID-19 чет жердеги биздин мекендештердин Кыргызстанга жан дили менен күйөөрүн көрсөттү. Бул жакшылыгы үчүн ар бир Кыргызстандыкка ыраазычылык билдиребиз, бар болуңуздар! Жергебизде ар дайым тынчтык жана аманчылык болсун!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД