Жогорку кеңештин жыйынына президент сөз сүйлөйт. Эмне тууралуу

17-майда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөт. Kaktus.media редкциясына белгилүү болгондой, ага президент Садыр Жапаров катышып сөз сүйлөйт.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мамлекет башчысы "Кумтөр" боюнча жеке пикирин билдирет.

"Улам кийинки бийлик "Кумтөрдүн" эсебинен бюджетти толуктоого аракет кылган. Мындан мурун деле комиссиялар түзүлүп, кылмыш иштери козголуп, улутташтырабыз, деп коркутуп келишкен. Бардыгы "Центерра" менен сүйлөшүп, алар бир аз акча таштайбыз, деп убадалашкандан кийин тынчып калчу. Азыр да бийлик "Кумтөрдөн" мүмкүн болушунча көбүрөөк сыгып алуу аракетинде", - деп депутат социалдык баракчасына жазган.

Башкысы, кайра артка кайткыс жолго түшүп албаш керек. Анда сүйлөшүп, макулдаша турган эч ким калбай калат. Болбосо, алтын кенге Кытай же Россиялык инвесторлорду тартууга туура келет. Бирок, андай болгон күндө да бир артыкчылык бар: "Кумтөр" мамлекеттик ишканасы аркылуу кирешелерди адилеттүү бөлүштүрүп алышат. Анда деле чонурак тиштеп алуу шансы жаралат.

Негизгиси - өткөн чакты сынга албаш керек. Бардыгыбыз бүткөн ишке сынчы көп болуп, билерман боло түшөбүз. 2012- 2016-жылдары бюджетке кенедей болсо да пайда алып келүүгө аракет кылышкан.

17-майда президент Жогорку Кеңештин жыйынына катышып, бул маселе боюнча жеке пикирин билдирет", - деп Бекешев маалымдады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД