Караколдо жөө адамды сүзүп кеткен 18 жаштагы айдоочу кыз кармалды

Каракол шаарында белгисиз унаа жөө адамды сүзүп окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-май күнү Каракол шаардык милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 16.00 чамаларында Токтогул жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз ак түстөгү унаа арыз ээсин сүзүп, окуя болгон жерден токтобостон качып кеткенин жазган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-беренеси "транспорт каражаттардын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Натыйжада, ал алган жаракатынан улам Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына кайрылууга мажбур болгон. Жабырлануучу адамга соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Издөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу аныкталган. Ал 18 жаштагы кыз болуп чыкты жана анын айдап жүргөн Windom үлгүсүндөгү унаасы атайын токтотуучу жайга киргизилди", - деп билдиришти облустук милициядан


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД