Индияда COVID-19дан каза тапкандардын сөөгүн дарыяга таштоого өтүштү

Индия өлкөсүндө коронавирустан каза тапкандардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Бул боюнча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус тынчсыздануусун билдирди.

Анын божомолунда, вирустан көз жумгандардын саны расмий айтылгандан да алда канча көп болушу мүмкүн. Себеби акыркы күндөрдө Ганг дарыясынын жээгинен да өлгөндөрдүн сөөгү табыла баштады. Крематорийге кезек жетпей калгандан улам эл өлүктөрдү дарыяга таштай бериши мүмкүн.

Бул маселе боюнча Индиянын Суу чарба министри Гажендра Сингх Шекхават да бийликке кайрылуу жасап, сөөктөрдү дарыяга таштоону тез арада токтоттурууну, жээкке чыгып калган жана дарыянын түбүндөгү өлүктөрдү тез арада жок кылууну талап кылды.

Буга чейин Бихар штатынын тургундары дарыянын жээгинен жүздөн ашуун адамдын өлүгү табылганын, алар коронавирустан каза табышы мүмкүн экенин жергиликтүү бийликке айтышкан. Бийлик бул боюнча жеринде иш алып барып, 75 адамдын сөөгүн дарыядан алып чыгышканын билдирген. Ал эми жергиликтүү басылмалар крематорий кымбат болгондуктан акча төлөөгө мүмкүнчүлүгү жоктор жакындарынын өлүгүн дарыяга ыргытып ийиши мүмкүн экенин жазышууда.

Мындан улам учурда Ганг дарыясын тазалоо боюнча улуттук комиссия түзүлүп, алар атайын эреже иштеп чыгышты. Мындан аркы иш-аракеттер комиссиянын эрежелерине ылайык жүргүзүлөрү айтылды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД