COVID-19дан бир суткада 289 бейтап сакайып, 283 адамдан илдет аныкталды

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 289 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бейтаптардын эң көбү Бишкек шаарында сакайып, ооруканадан чыкты.

Бишкек – 197

Ош шаары – 8

Чүй облусу – 52

Ош облусу – 5

Талас облусу – 5

Нарын облусу – 10

Ысык-Көл облусу – 5

Жалал-Абад облусу – 6

Баткен облусу – 1

Жалпы республика боюнча коронавирус илдетинен 92 миң 409 бейтап сакайды.

Ал эми өткөн суткада 283 адам коронавирус илдетине кабылды. Аймактар боюнча бөлүнүшү:

Бишкек шаары - 158

Ош шаары - 14

Чүй облусу – 75

Талас облусу - 3

Нарын облусу - 10

Ысык-Көл облусу – 18

Жалал-Абад облусу – 5

өлкөдө жалпы 99 миң 316 адам илдеттен жабыркады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД