Айт намаздын программасы жана санитардык талаптар. Муфтияттын билдирүүсү

Муфтият айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүүнү сунуштады. Ошондой эле ооруп жаткандарды үйдө болуусун өтүндү.

Орозо айт намазы 13-май күнү эртең менен Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Муфтият санитардык талаптарды бекем сактоону эскертип, айт намазынын программасын жарыялады.

07:00-07:15 - Азирети муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы;

07:15 - Айт намаз.

Айт намазга келген ар бир жаран төмөнкү санитардык эрежелерди так сактоосу керек:

Бет кап тагынуу;

Ар бир адам жайнамазын ала келиши керек;

Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралык так сакталышы кажет;

Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;

Дааратты үйдөн алуу;

Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбей эле койгону туура;

Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД