Сот тоо-кен компаниясына 103 миллион сом айып пул салды

Тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн компания экологияга 100 миллион сомдон ашык зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, текшерүүдѳ Кыргыз өлкөсүнүн жаратылышына ѳзгѳчѳ ири өлчөмдөгү зыян келтирилгендиги аныкталды.

"Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгѳн текшерүүдө, тоо-кен тармагындагы "Ч.З" жабык акционердик коомуна айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча каражаты тѳлѳнбѳгѳндүгүнө карабастан "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы аталган компанияга ѳндүрүш үчүн убактылуу жер пайдаланууга күбѳлүк жана 726 гектар жер тилкесин берип жиберген.

Ошондой эле өкмөттүн 2016-жылдын 5-январындагы токтому менен бекитилген "Айыл чарба жерлерин трансформациялоодо айыл чарба ѳндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын ченемдерин" бузуу менен "Кадастр" мекемесинин жогорудагы филиалы тарабынан жоготуулар менен алынбай калган пайда 4 624 620 сом деп эсептелинген.

Бирок Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнѳ ылайык, айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ѳлчѳмү 133 739 682 сом экендиги такталган.

Ошол себептен облустук прокуратура тарабынан "Ч.З" ЖАКсына жана "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы менен биргеликте мамлекеттин пайдасы үчүн айыл чарба жоготууларын өз убагында тѳлѳбѳгѳндүктѳрү жана алынбай калган пайданы ѳндүрүү үчүн сотко доо арыз киргизилген. Чаткал райондук соту тарабынан доо арыз жарым-жартылай канааттандырылып, жогорудагы тараптардан 103 307 003 сом ѳндүрүү жѳнүндѳ чечим чыкты", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин Октябрь райондук соту "Кумтөр" компаниясынан 262 миллиард сомго жакын акча өндүрүп алуу чечимин чыгарганы белгилүү болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД