Кытай гуманитардык жардам катары дагы 150 миң доза вакцина берет

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам катары дагы 150 миң доза вакцина берүүгө даяр. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун жетекчиси Руслан Казакбаевдин Сиань шаарына болгон расмий иш сапарынын алкагында кытайлык кесиптеши Ван И менен макулдашылган.

"Кытай тарап гуманитардык жардам иретинде коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын дагы 150 миң дозасын берүүгө даяр экенин айтты. Ал эми Казакбаев Кытай бийлигине буга чейин коронавируска каршы күрөшүүдө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Кытай Кыргызстанга буга чейин да 150 миң доза Sinopharm препаратын бекер берген. Дары өлкөгө 19-мартта жеткирилген.

Кийин Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги COVID-19га каршы Sinopharm вакцинасынын кыйыр таасири катталбаганын маалымдаган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД