Жеке ишкерден опузалап 20 миң доллар талап кылган жаран кармалды

Пара талап кылуу учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-майда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун иш аркеттерине каршы туруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, "Дөө Чыңгыз" каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсүнүн атынан иш алып барып жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү И.Р.М. жеке ишкерден 20 миң доллар талап кылып, алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган жаран Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда алардын шериктерин жана башка соттолуучуларды кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД