"Кумтөрдүн" чет элдик жумушчулары Кыргызстандан чыгып кетишти

"Кумтөр Голд" компаниясынын чет элдик жетекчилери, жумушчулары Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул маалыматты "Маралга" компаниянын кесиптик кошуун төрагасы Калысбек Рыспаев тастыктады.

Ал муну "Кумтөрдүн" айланасындагы акыркы абалга байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтты.

"Кээ бирлеринин иш сменасы алмашып жатканы үчүн кетип жатат, ошондой эле жакында эле кабыл алынган мыйзамга байланыштуу да болушу мүмкүн. Соттук процесстерди билесиздер да. Менин оюмча "Центерранын" акционерлери чет элдик жумушчулардын коопсуздугун сактоо үчүн белгилүү бир мөөнөткө чыгарып кетти окшойт. Бир-эки күндүн ичинде тоого чыгып, жетекчилик, жумушчулар менен кезиккенде толук маалымат айтып бере алам. Учурда ишканада жумуш токтогон жок, абал туруктуу, туура эмес кыймыл-аракеттер болгон жок ", - деди Калысбек Рыспаев.

Өткөн жумада Кыргызстанда "Кумтөр" алтын кенине сырттан башкаруу киргизиле турган мыйзам долбоору кабыл алынды. Андан көп өтпөй эле Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр голд" компаниясын Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузганы үчүн айыптап, 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД