"Катар" кайрымдуулук уюму Баткенге $100 миң жумшоону пландоодо

"Катар" кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалы чек арада орун алган акыркы окуялардан жабыркаган Баткен элине гуманитардык жардам алып келди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган уюм аймактагы 2 миң үй-бүлөгө 110 тонна азык-түлүк баштыкчаларын таратты.

"Ошондой эле 4 200 адамга ыйык орозо айынын урматына ооз ачуу үчүн тамак-аш таратты. Андан сырткары, Баткен жергесине муктаждыкка жараша 100 миң долларлык курулуш салууну пландоодо", - деп айтылат маалыматта.

Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, "Катар" кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы филиалынын директору Алсамман Мохамад Хомам Ахмад Самир жергиликтүү эл менен жолугуп, болуп өткөн окуяларга байланыштуу көңүл айтты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД