Казандагы кандуу окуя 32адамды жабыркатты

Казандагы мектепте болгон атышуунун натыйжасында 32 адам жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, ок атуу учурунда билим берүү мекемесинде 714 бала, ошондой эле 70тей кызматкер болгон, анын 52си мугалим.

Буга чейин 13 адам жаракат алып, 11 адам каза болгондугу, алардын тогузу окуучулар экендиги айтылган. Белгиленгендей, эки мектеп окуучусу мектептин үчүнчү кабатындагы терезеден секирип түшүп, кырсыкка учураган.

Алдын ала маалыматтар боюнча эки өспүрүм ок чыгарган, алардын бирин ФСБнын кызматкерлери колго түшүргөн. Жигит буга чейин ушул мекемеде окуган, ал мугалимдер жана классташтары менен мамилеси болгон эмес.

Экинчи кылмышкер имараттын үчүнчү кабатында окуучуларды барымтага алгандыгы маалым болду.

Татарстандын президенти Рустам Минниханов атышуу болгон мектепке келди. Ошондой эле республиканын прокурору Илдус Нафиков аталган жерге жөнөп кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД