Казань шаарындагы мектепте белгисиз адамдар ок чыгарды, Каза болгондор бар

Белгисиз адамдар Казань шаарында мектептердин биринен ок чыгарышып, каза болгондордун саны 11ге жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Файзи көчөсүндө жайгашкан шаардык №175 мектепте ок атылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ошондой эле окуяны уюштурган делген өспүрүмдүн кармалышы жөнүндө кабарланды.

Алдын ала маалыматтар боюнча атышуунун натыйжасында он бир адам каза болуп, эки мектеп окуучусу терезеден секирип кулап түшкөн.

Буга чейин тогуз кишинин каза болгону кабарланган.

"Казань шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Коопсуздук үчүн Казандагы билим берүү мекемелеринин кире бериштери чектелген - тиешелүү буйрук берилди", - деп билдирген аталган шаардын мэриясы.

Ошондой эле ок атуу болгон мектептен эвакуацияланган балдар менен психологдор иштеп жаткандыгы такталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД