Оруссия күйүүчү майларга чектөө киргизсе, абал оорлойбу?

Жакында Орусия Федерациясынын министрлер кабинети нефтепродуктыларды экспорттого чектөөгө киргизүү боюнча токтомдун долбоорун кароону пландаштырууда. Себеби ички рыноктогу күйүүчү майдын баасынын кымбатташын алдына алуу. Бул тууралуу tass.ru Орусия Федерациясынын энергетика министри Николай Шульгиновго шилтеме берүу менен жазып чыкты.

"Учурда документ өкмөттө жатат жана май майрамдары бүткөндөн кийин каралат. Мындай чечим кырдаалга байланыштуу эң зарыл болгон учурда гана кабыл алынат,"-деп жазат маалымат булагы.

Мындан мурда Орусиянын энергетика министри ички керектөөгө маанилүү болгон продуктыларды экспорттоого чектөө киргизүү боюнча токтомдун долбоорун жарыялаган. Ал жерде 13 нефтепродуктунун аты жазылган. Анын ичинде автоунаага куюлуучу 80,92,95,98 маркасындагы бензиндер бар.

Чектөө 3 айлык мөөнөткө киргизилиши мүмкүн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД