Өткөн жумада коронавирустан 90 миң киши акка моюн сунду

Өткөн жумада коронавирустан 90 миң киши акка моюн сунду

Жер жүзүндө COVID-19 жуктургандар менен көз жумгандардын көрсөткүчү эң жогорку чегине келди. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.

"Илдеттин азая баштаганы бардык аймакта, анын ичинде Америка менен Европада да байкалууда. Анткен менен оорунун жогорку чегинде турабыз. Өткөн жумада коронавирус 5,4 миллион адамда аныкталып, 90 миң киши акка моюн сунду", - деди Гебрейесус.

ДССУ башчысынын айтымында, дүйнө боюнча кырдаал кооптуу. Ооругандар менен көз жумгандар Түштүк-Чыгыш Азияда тездик менен өсүүдө. Ошондой эле айрым мамлекеттердин шаарлары дартка туруштук бере албай жатат.

Эл аралык уюм Индиядагы коронавирустун жаңы түрүнө дыкат көз салып жатканын белгилеген. Адистер ал жактагы вирус дүйнө жүзүнө чоң коркунуч жаратарын айтууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД