Кыргыз-Өзбек Тышкы иштер министрлери чек арада түзүлгөн чатакты талкуулашты

Бүгүн, 11-майында КЭР Сиань шаарында "Боррбордук Азия –Кытай" тышкы иштер министрлердин 2-кеңешмесинин аянтчасында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловдун эки тараптуу сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалга өзгөчө көңүл бурушкан.

Анда министр Казакбаев маектешин 28-30-апрелиндеги окуялар Баткен облусундагы азыркы абал тууралуу маалымдаган.

"Кыргыз тараптын Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде жетишилген келишимдерди сактоо ниетин кармана тургандыгын баса белгиледи.

Тараптар көптөгөн адам курмандыктарына жана кыйроолорго алып келген чыр-чатак саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен гана чечилиши керек деген бирдиктүү пикирди билдиришти.

Өзбекстандын ТИМ башчысы Камилов кыргыз тараптын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча аракеттерин колдоп, өзбек тарап жаңжал аймагындагы абалды андан ары турукташтырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди", - деди маалымат катчы.

Жолугушуу алкагында тараптар ошондой эле Кыргыз-Өзбек эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин талкуулап, 2021-жылдын башында уюштурулган жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги иш сапаралардын жана иш-чаралардын жыйынтыктарын канааттануу менен белгилешкен:

"Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон иш сапары; Кыргыз-өзбек Ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму; эки тараптуу кызматташуу боюнча Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын 9-отуруму.

Жетишилген келишимдерди андан ары жүзөгө ашыруу жана кыргыз-өзбек мамилелердин динамикасын бекемдөө максатында министр Казакбаев өзбек кесиптешин Кыргыз Республикасына ага ыңгайлуу убакта расмий иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында конкреттүү долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жолу менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары 2021-жылы Кыргызстанда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусун өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты", - деп кошумчалады маалымат катчы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД