Бир жылда өсүмдүк майы 60 пайызга кымбаттады

Министрлер кабинет күн карама майы менен кумшекерге болгон баага убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон бул чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

Аны ишке ашыруу Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине тапшырылды. Антимонополия агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков баалар кантип көзөмөлдөнөрү тууралуу "Азаттык" радиосуна маалымат берди.

"Күн карама майын, кумшекерди өндүрүүчүлөр, ташып келгендер, ортомчулар, ишкерлер анын үстүнө акча кошуп сатат. Биз ошол кошулган үстөк каражатты чектөө боюнча иш жүргүзөбүз. Ал эми буга чейин тамак-аштын эң жогорку баасын белгилеп алып анан бааны көзөмөлдөчүбүз. Азыр болсо кошулган үстөк пайыздарды карайбыз".

Кеңешбай Тайлаковдун маалыматы боюнча, Кыргызстанга өсүмдүк майынын 90-95 пайызы, кумшекердин 50 пайызы сырттан келет.

Өсүмдүк майы өткөн жылдын май айына карата 60 пайызга, ал эми кумшекер 45-46 пайызга чейин кымбаттады.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбатчылык байкалууда. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД