Кумтөргө сырттан башкаруу киргизилеби?

"Кумтөр голд" компаниясы Кыргызстандын экологиялык мыйзамдарын бузганы үчүн 261 млрд 719 млн 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирилди. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарды.

Парламент жакында эле шашылыш кабыл алган мыйзамга ылайык, кенде экологиялык мыйзам бузуулар аныкталса, ишкананы убактылуу үч айга сырттан башкаруу киргизилери каралган. Авторлордун бири, депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоору кен тармагында уруксат келишими (концессия) менен иштеген компанияларга гана тиешелүү экенин айтты.

Ал убактылуу сырттан башкаруу кандай убакытта кирерин түшүндүрдү.

- Бизде концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, компания өзүнүн иштөө убактысында адамга же анын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч туудуруп, абдан чоң зыян алып келе турган болсо, убактылуу үч айга сырттан башкаруу киргизүүгө мүмкүнчүлүк бар экен. Бирок кантип, ким киргизе турганы жазылбай калган. Биз ошол себептен акционердик коомдор тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сиздерге сунуштап жатабыз. Эгер компания тышкы башкарууга каршы чыга турган болсо, 5-7 жылга чейин катуу жаза көргөнгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Тышкы башкаруучуну Министрлер кабинети тандайт жана тандоо жол-жобосун бекитет. Ал биз бекитип берген мыйзамда так көрсөтүлгөн.

Акылбек Жапаров "Кумтөр" алтын кени боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия үч айдан бери иштеп жатканын жана кийинки жумада жыйынтыгын Жогорку Кеңешке алып чыгарын кошумчалады.

Кыргызстанда концессиялык келишим менен бир гана "Кумтөр" ишканасы иш алып барат. Кенди өлкөдө канадалык "Центерра Голд" компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26 пайызды түзөт.

Концессиялык келишим – мамлекет тарабынан жаратылыш байлыктарын, ишкана жана башка объектилерди белгилүү бир шарттар менен чет өлкөлүк фирмалардын пайдалануусуна берүү келишими болуп эсептелет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД