Улуттук банк доллар эмнеге арзандап жатканын түшүндүрдү

Сомго болгон талап көбөйгөндүгүнө байланыштуу улуттук валютанын баасы долларга карата бекемделе баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банктан билдиришти.

Сомдун сатылышы көп убакыт бою 84,9 болуп кармалып турду. Бирок өткөн жумада доллар 84,6га түшүп, кайра 84,7-84,8 сомго көтөрүлдү. Sputnik Кыргызстан агенттиги башкы банкка кайрылып, доллардын арзандашына эмне себеп болгонун билип көрдү.

"Сомдун долларга карата бекемделишинин биринчи себеби ага болгон керектөөнүн өсүшүнөн кабар берет. Мындан тышкары, валютанын олку-солку болушуна ички рыноктун катышуучуларынын эл аралык финансы жана сырье рынокторундагы өзгөрүүлөргө байкоо салып күтүп жатканы дагы себеп болушу мүмкүн", - дешти башкы банктан.

Улуттук банктан белгилешкендей, учурда валюта рыногундагы абал туруктуу. 2021-жылдын башынан 10-майга чейинки доллардын курсу сомго карата 1,52 сомго, башкача айтканда, 83,50 сомдон 84,77 сомго өскөн.

Жыл башынан бери Улуттук банк алты жолу интервенция жасап, 270,45 миллион доллар сатты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД